Василий Дашков үй камагына чыкты

209

Бишкектеги Биринчи май райондук соту “Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашковду саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарды. Дашков былтыр июлда Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагынан менчик ооруканга которулган. Бирок кайра августта ооруканадан кайра тергөө абагына келген.

Анын менчик ооруканага которулушуна байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп, “кылмышка шектүүнү коргоо тартибин бузган” деген айып менен тергөө абагынын башчысы менен орун басары жана айрым кызматкерлер иштен алынган. Анын алдында социалдык тармактарда Дашков менчик клиниканын короосунда бейтааныш адам менен колунда кишени жок, кайтаруусуз отурганы тартылган тасма тараган.

Дашкаов алгач ушул жылдын май айында кармалып, райондук сот аны үй камагына чыгарган. УКМК ага “Кыргыз темир жолу” ишканасын башкарып турган кезде, 2020-жылдын май айынан декабрга чейин миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгон деп айып койгон.

Андан сырткары, жең ичинен коротулган 490 миллион сом тууралуу да сөз болгон. Дашковдун мамлекетке келтирген зыяны 1,5 миллиард сом деп эсептелген.

Атайын кызмат “Кыргыз темир жолундагы” жемкорлукка шектүүлөрдүн арасында Дашковдун уулу да бар экенин билдирген. Ал экинчи жолу июнь айында кайра тергөө абагына киргизилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь