Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакырылды

306

“Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованы 14-январда саат 16.00го суракка чакырганын билдиришүүдө. Атайын кызмат буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында аталган фракциянын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протокол тууралуу сурак берип жатканы белгилүү болду.

Милиция Нарматованы былтыр сентябрда Ош аэропортунан Москвага учуп баратканда кармап Бишкекке алып келген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, ошол эле күнү сурактан кийин бошоткон.


Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь