Тажикстанда бир кыргыз жараны көз жумуп нота жиберилди

338

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги тажик түрмөсүндө жаткан 1953-жылкы кыргызстандык жаран каза тапканын билдирди. Мындан улам бул жарандын өлүмүнүн себебин калыс, адилет иликтөөнү өтүнүп Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү.

Элчилик тараткан маалыматта маркум чек арадан “мыйзамсыз өткөн” деген айып менен эки жылга соттолгон жана №6 абакта жатканы айтылат. Элчилик бул жаран качан кармалып, соту качан болгонун тактаган жок.

Айрым бир маалыматтарга караганда, ал Кудайберди Бекмуратов аттуу жаран.

Президенттин Баткендеги атайын өкүлү Абдикарим Алимбаев ушул тушта Тажикстанда он кыргызстандык жаран кармалып турганын “Азаттыкка” билдирди. Ошол эле учурда Кыргызстанда дагы кармалган тажик жарандары бар экенин маалымдады.

“Биз алардын баарын бошотконго аракет кылып жатабыз. Мен бул боюнча Согд облусунун губернатору менен сүйлөштүм, кат жолдодум. Ал дагы өздөрүнүн жарандарын бошотууну суранып жатат”, -деди Алимбаев.

Алимбаев тажик түрмөсүндө каза тапкан кыргызстандык жаранга байланыштуу укук коргоо органдары тиешелүү аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь