УКМК: Орозайым Нарматованын дипломду алуусу мыйзамсыз (Видео)

23 455

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы Жалал-Абад мамлекеттик университетине мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча аталган окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлады.
Коомчулукта жана социалдык тармактарда Орозайым Нарматованын суракка чакырылганы кызуу талкууланып жатканына байланыштуу, УКМК анын чакырылуу себептерин коомчулукка төмөндөгүчө маалымдайт.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө ЖАМУдагы О.Нарматованын өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок экендиги аныкталган, бул анын окууга кабыл алынуусунун жана жогорку билими жөнүндө дипломду алуусу мыйзамсыз экендигин күбөлөндүрөт. Мындан тышкары, тергөө учурунда ЖАМУда жеке сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда О.Нарматова өлкөдө жок болуп, Россия Федерациясында болгону аныкталды.
Демек, О.Нарматова Москва шаарында жүргөндө экзамендерди тапшыра алмак эмес, бул дагы ЖАМУнун жооптуу адамдары тарабынан жогорку билими жөнүндө диплом берүү мыйзамсыз экендигинен кабар берет.
Ошол себептен О.Нарматова жогоруда аталган кылмыш иши боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү үчүн күбө катары суракка чакырылып, анын жыйынтыгында ЖАМУга окууга кабыл алуу жана жогорку билими жөнүндө диплом берүү фактыларына юридикалык баа берилмекчи”,- деп айтылат.

Орозайым Нарматова бир нече саатка созулган сурактан чыгып, комментарий берди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь