Казакстандагы төрт кыргызстандык бошотулуп жатат (Видео)

405

Алматыда кармалган төрт кыргызстандык бошотулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда АКИpress агенттигине Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирген.

«Жергиликтүү бийлик, жергиликтүү ички иштер бөлүмү жана Карасай районунун прокуратурасы жардам беришти. Баары жакшы, аларды бошотуп жатышат», – деди ал.

Буга чейин Юбуров З. (1990-жылы туулган), Хуров А. (1991-жылы туулган), Мачо И. (1987-жылы туулган) жана Жиншанло А. (2001-жылы туулган) текшерүү иш-чараларынын алкагында кармалган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь