“Энелердин ыйы азыркы бийликти уктатпайт”. 7-апрелди статустан ажыратууга ата-энелер каршы

569

Талас облусунун тургундарынын тобу 7-апрелдеги майрамдын статусун кайра кароого каршы чыгышты.

Маалымат жыйындын катышуучулары ошол окуяларда балдарынан айрылган ата-энелер — Төрөбек Кишенбаев, Сулайка Курманбаева, Айчүрөк Токтогазиева, Канышай Төлөева, Күмүшай Боготонова, Азима Эралиева, Жамила Токсонова жана Кишимжан Таштакева. Алар өкмөттүн 7-апрель күндү статусун алып салуу боюнча келтирилген сунуштамага нааразы экенин билдиришти.

«Биздин бүгүн маалымат жыйынга келгенибиздин себеби, учурдагы бийликке 7-апрель — революция күнүн статустан ажыратуу маселеси тууралуу болуп жатат. Ушул жерде отургандардын баарын жакшылык же той эмес, тескерисинче кан төгүү, элге болгон адилетсиздик бириктирген. Алгач 6-апрель күнү бул окуя Таласта башталып, эл жумурткадай эле жарылып чыккан. Ошол күнү Таластан 260 адам жаракат алып, 9 уулубуздан ажыраганбыз. 7-апрелди статусунан ажыратуу — бул тарыхты унутуп коюу болуп саналат. Биз апрель баатырлары аял, эркек дебей ушул жерде акырына чейин турганбыз. Бирибиз бутубузга, экинчибиз колубузга жарат алып, ошондо да намыс үчүн, балдарыбыздын жаркын келечеги үчүн туруп бергенбиз. Мына арабызда энелер бар. Ушул күнү кырчындай баккан уулунун каны төгүлгөн. Мындай чечим чыгарылса, энелердин ыйы азыркы бийликти уктатпайт. Биз дагы өз кезегибизде четте карап турбайбыз. Урматтуу Садыр Нургожаевич, президенттик башкарууну тандап сизди колдогонбуз. Жаңылануу болот, өлкөбүзгө жакшы башкаруучу келди деп сүйүнгөнбүз. “7-апрель баатырлары” деген статусубуз гана бар. Андан айрыбаңыз. Бул чечим сиздин гана колуңузда. Бизге ал үчүн жөлөкпул жана башка жеңилдиктерди деле карабайт. Урматтуу бийлик, бул күнгө тийишпей, өлкөнүн экономикалык жагдайын өнүктүрүү маселесин караңыздар. Эл кымбатчылыктан кыйналып жатат. Ошол көйгөйдүн үстүнөн иштеңиздер. Жумуштун жоктугунан улам балдарыбыз чет жакта оокат кылып жүрүшөт. Аларга жумуш ордун камсыздай турган долбоорлорду сунуштап, ишке ашырыңыздар», – деп билдиришти алар.

Turmush

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь