Казакстанда каза болгон Орусиянын жараны Мария Кимге жети жолу бычак сайылып, андан соң башына ок тийип, каза болгон. Бул тууралуу «Mash» Telegram каналы билдирди.

Каналдын маалыматы боюнча, 26 жаштагы орусиялык аял Казакстандын Тараз шаарында (Жамбыл облусу) кофекананын администратору болуп иштеген. Мекеменин кызматкерлери кожоюнунан алар үчүн унаа жөнөтүүнү суранышкан, бирок ал баш тарткан. Ким кофекананы жаап жатканда белгисиз бирөөлөр келип, жети жолу бычак сайып, андан соң башына атып кетишкен. Кол салгандар мекемени тоноону көздөгөндүгү такталып жатат.

Буга чейин Ким Свердлов облусунун Тавда шаарында жашаган. Анын артында үч баласы калды.

Казакстандагы нааразылык акцияларында орусиялык аял каза болгонун 14-январда Орусиянын элчилиги кабарлаган. Дипломаттар кырдаалды көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен Жамбыл облусунун жетекчилигине кайрылышып, учурда Кимдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатышат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 315