Сырдуу жана тыюу салынган Тянь-Шанды изилдеген Семенов

419

14 январьда белгилуу географ Петр Семенов Тянь-шаньский төрөлгөн. Бул кишинин эстелиги Кыргызстанда Балыкчы шаарынын кире беришине орнотулган. Борбордук Тянь-Шанга кирген эң биринчи Европалык изилдөөчү катары  Петр Петрович Семеновдун илимий эрдигине кызыгып көрдүк.

Борбордук Тянь-Шанга кирген эң биринчи европалык изилдөөчү окумуштуу Петр Петрович Семенов болгон, ал өзүнүн илимий эрдиги үчүн Тянь-Шань деп аталуу укугун алган.  Семёнов 1853-жылы Карл Риттердин “Жер таануу” китебине толуктоолорду киргизүү үстүндө иштеп жатып, Европалыктар үчүн сырдуу жана тыюу салынган Тянь-Шаньга барууну чечет. Россиянын Тышкы иштер министрлигинен Семенов Алтайга жана Кыргыз талааларына барууга араң уруксат алган.

Орус географы жана коомдук ишмер Пётр Семёнов-Тянь-Шанский Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү , кийин орус география коомунун вице-төрагасы болгон. Петербург университетинин табият таануу бөлүмүн бүтүп. Чыгыш Европа (орус) түздүгүн изилдеп, Географиялык коомдо иштей баштаган. 1856–1857-жылы Теңир-Тоого саякат жасап, анын орографиялык схемасын түзүп, Сары-Жаз суусунун башындагы ири мөңгүлөрдү изилдеген.

Семёновдун өзү кыска сапарын «Орто бийик тоолуу Азиянын түндүк-батыш чет-жакаларына илимий чалгындоо» деп атаган.  Бирок анын натыйжасы орчундуу болуп, ал 150 км Күңгөй-Ала-Тоону, 260 км Тескей-Ала-Тоону чалгындап, Тянь-Шандын башка кырка тоолору менен байланыштырды. Сары-Жаздын жана Тянь-Шань жогорку агымында эбегейсиз зор мөңгү аянтын ачкан. Биринчи жолу Нарындын, Текестин жана Сарыжаздын башындагы аймакты, башкача айтканда Борбордук Азиядагы төрт ири дарыя системасынын үчөөнө – Сыр-Дарыя, Иле жана Таримге кирген дарыяларды изилдеген;  Тянь-Шандын эң мүнөздүү өзгөчөлүгүн – параллелдүү чынжырларга бөлүнүшүн жана узунунан, кеңдиктен, өтө узун өрөөндөр пайда болушун байкаган.  Акырында, Семенов, К.И.Богданович белгилегендей, Тянь-Шандын түндүк кыркаларынын орографиялык жана геологиялык өзгөчөлүктөрүнө таянып, биринчи жана ушунчалык так бөлүнүшүн берген, 19-кылымдын кийинки саякатчыларынын бири да ошол эле жерден өткөн эмес. Анын изилдөөсү аймактардын бөлүнүшүнө олуттуу жаңы нерселерди кошо алган.

Теңир-Тоо аймагынын илимий изилдөөсүнүн 50 жылдыгына байланыштуу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Сарыжаз кырка тоосунун эң бийик жери болгон бийиктиги 5816 метр. Семенов чокусу Пётр Петрович Семёнов-Тян-Шанскийдин атынан аталган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь