“Эми Таалайбек Сарыбашов боюнча маселе каралыш керек”. Күмөн жараткан депутаттардын диплому талкууда (Сүрөт)

780

Орозайым Нарматованын депутаттык мандатынан ажыратылганы көпчүлүк үчүн күүтүүсуз болгондур бирок, ошол эле учурда Нарматованын диплому мыйзамсыз экендиги боюнча УКМК маалымат таратты. Ага ылайык аталган маселе боюнча президент өзү реакция кылып, дароо депутаттардын жана бардык мамлекеттик кызматкерлердин Жогорку билими тууралуу дипломдорун текшертүүгө УКМКга тапшырмасын берди. Ушуга улай эле коомчулук арасында фейсбук колдонуучулары тарабынан Жогорку Кеңеште олтурган башка дагы эл өкүлдөрүнүн дипломун текшерүүнү талап кылгандар көбөйдү.

Биринчи кезекте буга чейин кош жарандуулугу бар делген деген чыр менен эл оозуна алынган , мурдагы Ош шаарынын мэри депутат Таалайбек Сарыбашовдун күмөн жараткан дипломун текшерүүнү талап кылгандардын саны арбыды.

Фейсбук колдонуучусу Мирбек Айтикеев:

“Таалайбек Сарыбашевдин диплому качан текшерилет? Анын биринчи алган диплому боюнча күмөндүү жагдайлар бар экени талашсыз”.

Фейсбук колдонуучусу Элнура Кулуева:

“Эми Таалайбек Сарыбашов боюнча маселе каралыш керек”.

Фейсбук колдонуучусу Азамат Бакиров:

“Эгер Орозайым Нарматованын мандатынан ажыратса Таалайбек Сарыбашовдун  да депутат болууга укугу жок”.  

Фейсбук колдонуучусу Алмаз Темирбек:

Ошоной эле, ЖК депутаты Улан Бакасовдун дагы диплому күмөн туудурганын билдирип, УКМКнын төрагасы Ташиевден дипломун текшерүүнү өтүнгөндөр болууда.

Мындан сырткары, мурдагы УКМКнын төрагасынын орун басары, учурдагы Финполдун жетекчиси Болот Сүйүмбаевдин диплому да суроо жаратууда.

Депутат Дастан Бекешов дагы бул окуяга кайдыгер карабай өз пикирин билдирип өткөн:

Белгилек кетсек, кечээ БШК 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Мындай чечимге ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду.

Атайын кызмат 14-январда маалымат таратып, Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Ал эми Ош шаарынын мурдагы мэри, депутат Таалайбек Сарыбашевдин жогорку билими тууралуу диплому бар же жок экендиги дагы деле болсо күмөн жаратып келет. Журналисттер бул суроону бир нече жыл мурун, ал өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы дайындалган кезде эле беришкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь