Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында өз ишинин чыныгы күйөрманы Темирбек ЖУЗУБАКУНОВ аттуу абдан кызыктуу инсан жашайт.
Каарманыбыз 70 жаштагы аксакал, совет мезгилинде билим алып Кыргызстан үчүн сейрек кездешүүчү кесиптин ээси – ал кеме куруучу. Бул жерде анын кыскача баяны:
«Мен өз колум менен 40 орундуу сейилдөөчү кайык (катер)жасадым. 2005-жылы курулуп баштап, 5 жылдан кийин сууга коё бердим. Бардык куруу иштерин өз колума алган элем, албетте кээде бир туугандарым, досторум жардам беришип жатты. Кайыкты кара металлдан, ал тургай металл калдыктарынан кураштыргам. Жабдуулоого жетиштүү каражат болбой калган кездерде иш толугу менен токтоп калган учурлар болду.

Негизи бул өнөрдү мен өз алдымча эле өздөштүрүп үйрөнүп алгам. Бирок сейилдөө кайыгын курууга киришерден мурун «Чакан кеме куруунун теориясын» толугу менен изилдеп, окуп чыктым. Кесибим боюнча инженер болгондуктан мен үчүн кыйын болгон жок. Чолпон-Атада эс алып жүрүп, берметибиздин бетинде кандай олуттуу акча жатканын түшүндүм дагы, бул нерсе менин курулушту баштоомо чоң түрткү болду.
Узундугу 25 метр, туурасы 4 метр, кубаттуулугу 180 жылкынын күчүнө ээ дизелдик кыймылдаткычы бар кайык жасадым. Бир нече жолу күчү 7-8 баллдык бороонго кабылып, бирок менин кайыгым туруштук бере алды – ал чөгүп кеткен жок. Бүгүнкү күндө кайык, паром же яхта куруу кыйын деле эмес – бул, мисалы, Ленинград кеме куруу компаниясы менен келишим түзүү жана аны так көрсөтмөлөргө ылайык жасай баштоо жетиштүү. Куруу боюнча схема жана чиймелер абдан көп. Кийинчерээк аны текшерип туруп эксплуатацияга уруксат бере беришет.
Бирок, 2008-жылы рэкеттер мени отметкага коюп, кийин кайыгымды толугу менен тартып алышты. Катерди болгон жакка пайдаланып жатышып акыры аны араа менен кесип, темирге өткөрүп беришкен», -дейт аксакал аянычтуу кейип…




