ЭЛНУРА БОРОНБАЕВА: “ОМИКРОН” ШТАММЫ МАРТКА ЧЕЙИН СОЗУЛУШУ МҮМКҮН

356

Ковид-19дун “Омикрон” штаммы дүйнө жүзү боюнча тез жайылып, Кыргызстанда да күч алууда.  

Бирок коронавирустун бул түрү мурдагы штаммга караганда жеңилирээк симптомдорго ээ. Ошондуктан аны суук өткөрүп алуу же гриппке окшоштурушууда. Ошентсе да омикрондун тез жайылышы саламаттык сактоо тармагына басымды күчөтүп, эмдөөдөн өтө элек адамдар жана коркунучка кабылган топтор үчүн кооптуу болууда.

Бул коронавирус менен дем алуу органдары аркылуу жуккан (респиратордук) инфекцияны кантип айырмалай алабыз жана кандай коргонуу чараларын көрүү керектигин И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдар ооруларынын пропедевтикасы кафедрасынын  доцентинин милдетин аткаруучу, медицина илимдеринин кандидаты  ЭЛНУРА БОРОНБАЕВА айтып берди.

“Омикрон вирусу тез ылдамдыкта тарап ооругандардын саны аябагандай көп катталууда. Жарандардын көпчүлүгү саламаттыкты сактоо мекемелерине кайрылбастан вирустук инфекция катары эле үй-бүлөлүк дарыгерлерден кеңеш алып үй шартында дарыланышууда. Учурда ар бир үй-бүлөдө бул вирус менен ооругандар бар. Мекемелерге кайрылбагандар 30-40 пайызды түзөт.

Омикрон дем алуу органынын  жогорку бөлүгүн жабыркатат. Мурундун агышы,баш оору, чарчоо (орточо же катуу), чүчкүрүү, тамак оору симптомдору байкалып 6-7 күнгө созулуп, акыркы күндөрү дем алуу бир аз кыйындай баштайт. Кокустан эле тынбай жөтөлүү, дене табынын көтөрүлүшү, даам жана жыт сезбей же өзгөрүп кетүү байкалса алдын алуу керек. Ар кандай даарыларды ичип ден соолукка зыян алып келбөө, 2-3 күн аралыгында оорунун белгилери байкалса дене табы көтөрүлүп симптомдор күчөсө анда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген протоколдун негизинде гана, адистердин көрсөтмөсүнө ылайык дары-дармектер, анын ичинде антибиотиктер, сунушталышы керек.

Бул сезону менен козголуп туруучу вирус болгондуктан  тазалыкты сактап коомдук жайларда сөзсүз түрдө маска тагынуу, коомдук транспортто уюлдук телефондорду колго кармабоо, антисептик колдонуу керек. Бөлмөлөрдү бат-баттан желдетип үй шартында тамакты, мурун көңдөйүн жылымык сууга туз, ромашка же фурацилин аралашмасын кошуп чайкап туруу зарыл, эң негизгиси туура тамактанып, суюктукту көп ичүү керек.  Вакцинация алгандар арасында Омикрон штаммы жеңил өтүп жаткандыктан,сөзсүз түрдө вакцинация алуу сунушталат.

Штаммдын созулуу мөөнөтү мартка чейин барышы мүмкүн деген божомолдор бар. Андыктан бул вирус менен 80-90 % эл ооруйт, эң негизгиси убагында чара көрүп илдеттин оор түрүнө өткөрбөө керек.”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь