Өмүрбек Текебаев: “Депутат болуш үчүн эч кандай диплом кереги жок” (Видео)

5 297

Депутат болуу үчүн эң биринчи абийир, намыс жана элдин көйгөйүн түшүнгөн акыл керек дейт саясатчы Өмүрбек Текебаев “Марал” радиосунда маек берип жатып.

Текебаев мандатынынан ажыратылган Орозайым Нарматованын окуясы тууралуу пикирин билдирип, депутат болуу үчүн эч кандай диплом кереги жок экендигин белгилеп өттү.

Депутат үчүн союздун убагынан жакынкы күнгө чейин билимдүү болуш керек деген талап болгон эмес. Анткени качып-бозуп жүргөн революционерлер президент болгон учурлар болгон. Лениндин деле диплому болгон эмес, Сталиндин деле диплому болгон эмес. Алар элдин өкүлү болуш керек . Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө депутат болуш үчүн жогорку билим, диплому болуш керек деген чектөө жок, КРнын конституциясында депутат болуш үчүн 3 талап бар. Жашы 25тен жогору болуш керек, Кыргызстандын жараны болуш керек, анан шайланыш үчүн диний кызматкер болбошу керек. Билими, диплому болуш керек деген конституцияга каршы. Нарматова боюнча айтсак, депутат болуш үчүн эч кандай диплом кереги жок. Биринчи кезекте абийир, намыс жана элдин көйгөйүн түшүнгөн акыл керек. Бүгүнкү жаңы конституция боюнча, президент өзү дагы адам укугунун кепили. Бизди, башканы күтпөй эле, президент өзү же аппарты ушул мыйзамды жокко чыгарыш керек. Бир айдын ичинде эле чечсе болот, анан Нарматовага дипломун кайтарып бериш керек”, -деди Текебаев өз сөзүндө.

Ошондой эле ал 2019-жылы айрым кыйын эл өкүлдөрү «депутаттардын билими болушу керек» деген Конституцияга каршы норманы өткөрүшкөнүн сынга алды.

 

 
 
 
 
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

 

Публикация от ЖАНЫЛЫКТАР ПОРТАЛЫ 🇰🇬 (@eldik.media)

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь