8 млн сомго чейин товар жүгүрткөн ишкерлер салыктан бошотулат

343

Акылбек Жапаров Талас облусунда өткөн коллегиялык жыйында инвестиция, өлкөнүн экономикалык абалына токтолуп, тышкы жана ички экономикалык жагдай боюнча маалымат бергенди.

«Банк системасында насыя берүү процесси өзгөрөт. Кепилдик фонду менен биргеликте иш алып барышат. Мурун 20 миң доллар алыш үчүн 40 миң долларлык үйүн койсо, азыр ошол эле суммага 25 миң долларлык үйдү кепилдик катары коюуга мүмкүнчүлүк болот. Жакынкы арада кепилдик фондунун алдында өнүктүрүү банкы түзүлөт. 4 банк пайда болуп, ар биринин 100 миң долларлык капиталы болот. Бюджетте жылыштар болуп жатат. Бизге бекитилген бюджет башка жылдарга салыштырмалуу көбөйдү. Ички ресурстар менен өлкөнү жакшыртуу иш-чаралары жүрөт. Учурда бажы тармагында коюлган планга 60 пайыз чыгышты. Бирок ал жакта коррупциялык көрүнүштөр токтобой жаткандыктан, жакында эле жетекчилик кызматтан бир нечеси бошотулду.

8 миллион сомго чейин товар жүгүрткөн ишкерлер салыктан бошотулат. Бирок кимден алганы тууралуу маалымат бериши керек. Атайын мобилдик тиркеме аркылуу гана маалымат берип коюшат. Мисалы быйыл Кыргызстанга 1001 вагон жыгач кириптир, бирок ал бир дагы салык төлөгөн эмес. Баарын патентке байлап салышкан. Ага-тууганынын атынан патент алып, ошолордун атынан эле 5-6 киши алып келе берген. Ошон үчүн акылдуу эсептегичтерди орноткула деп жатабыз. Бул процедура бардык мамлекетте бар. Биздин ишкерлер таможнядан башка мамлекеттердин мыйзамына ылайык, төлөп чыкты. Бизге келгенде жок. Мамлекетке түшпөй калып жатат», – деди ал.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь