Токмокто балыктар кырылууда, сатып алуудан карманып туруңуз (видео)

1 252

Токмокто күн сайын балыктардын массалык кырылышы катталууда. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына жеригиликтүү тургундар билдиришкен. Алардын айтымында, мындай көрүнүш быйыл 10-январда башталган. Балык чарбаларында балыктын баарын ыргытып жиберүүгө аргасыз болушууда.

“Балыктар өзүнөн өзү өлүп жатабы же сууга кандайдыр бир инфекция кирип кеттиби билбейбиз. Бизге эч ким так маалымат бербей жатышат”, – дешет алар.

Кырдаалды жөнгө салуу үчүн жергиликтүү чарбалардын жетекчилери менен кеңешмеге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров келген. Ал эми жарандардан бардык жагдайлар такталмайынча базарларда жана балык чарбаларда балык сатып алуудан баш тартып турууну эскертишти.

Айыл чарба министрлиги дагы реакция кылып, Ысык-Ата жана Чүй облустарында тирүү балык жана балык азыктарын сатууга, экспорттоого жана ташууга убактылуу чектөө киргизди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь