Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан бир спортчу барат, аны канча адам коштойт?

239

Пекинде өтө турган Олимпиада оюндарына Кыргызстандан лыжачы Максим Гордеев барат. Максим Гордеевди коштоп жана анын машыктыруучусу Игорь Борисовдон сыткары, Олимпиада оюндарына Кыргызстандан бара турган делегациянын курамына миссиянын башчысы, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева кирет. Эл аралык олимпиадалык комитеттин чакыруусу боюнча КР УОКтун президенти Садыр Мамытов жана аталган комитеттин башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев барары маалымдалды.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин Пекин шаарында өтөт. Максим Гордеев 16-февралда оюнга чыгат.

Максим Гордеев 1995-жылы Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген. 2010-жылдан баштап тоо лыжасы менен машыгып келет. КРнын чемпиону жана спорттун чебери, дүйнөлүк үч чемпионаттын, эки кышкы Универсиаданын жана Лыжа спортунун эл аралык федерациясынын (FIS) алкагындагы көптөгөн старттардын катышуучусу. Эл аралык аренада көрсөткөн эң мыкты көрсөткүчү – 2018-жылдагы FIS таймашындагы төртүнчү орунда ээлегендиги. Анын жеке жана негизги машыктыруучусу Игорь Борисов. Акыркы төрт жылдын ичинде Максим Гордеев Иран, Армения, Швеция, Орусия, Италия, Швейцария, Австрия, Туркия, Кыргызстан жана БАЭдеги таймашууларга катышып келген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь