“Акчаларыбыз күйүп жатат!”. Таласта тургундар кыргыз-казак чек арасынан өтө алышпай убара (Аудио)

563

Талас облусундагы Казакстан менен чектеш жайгашкан аймактын тургундары (Манас району) кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйгө нааразы. Бул тууралуу “Элдик Медиага” жергиликтүү жашоочулар билдиришти.

Казак-кыргыз чек арасында жакын аймактын жашоочусу Гүлжан Жамгырчиеванын айтымында казак тараптын чек ара өткөрмө бекети себебин толук кандуу түшүндүрбөстөн адамдарды өткөрбөй убара тарттырууда.

“Мисалы биз деген эки жолу вакцина алдык, бирок вакцина алгандарды да эмне үчүн өткөрбөйт? Жок дегенде вакцина алгандарды чек арадан бир айда бир-эки жолу өткөрсө болот эле? Айдоочулар үч күндө бир жолу ПЦР тесттин тапшырып кирип атабыз, мурдагы алган вакцинабызды жаратпай койду дешүүдө. Жакын гана тууганың болсо киргизет экен”, -дейт тургун.

Мындан тышкары тургун буга чейин Казакстандагы Жамбыл облусуна каттап, соода ишин жүргүзүп келгендигин белгилеп, эми банкрот болуу коркунучунда тургандыгын айтууда. Анын бир нече миң сомдук товарларынын акчасы Жамбыл облусунда калып кеткен.

Ошондой эле бул көйгөй соода иши менен алектенип жүргөн, башка жарандарда да бар. Тургундар азыркы каатчылык заманында өз аракетин кылып жан багып жүргөндө, мындай маселелер ого бетер түйшөлкөнүн белгилешет. Андыктан алар кыргыз тараптын бул маселеге тиешелүү органдарынан көйгөйдү чечип берүүнү өтүнөт.

Ал эми бул боюнча “Элдик Медиа” агенттиги чек ара кызматына кайрылганыбызда алар Казакстандын мыйзамына ыйлайык өз чектөөлөрү бар экенин белгилеп, меселени төмөнкүчө түшүндүрдү.

“Кыргызстандын чек ара кызматында эч кандай чектөөлөр жок, коронавируска байланыштуу гана чектөөлөр болушу мүмкүн. Ал эми Казакстандын өзүнүн чектөөлөрү бар, биз өзүбүздун чек ара бекети боюнча жооп бере алабыз. Мисалы биз Казакстан менен чектеш чек араларга барсаңыз, биз өткөрө алабыз. Ар бир мамлекеттин чектөөлөрү бар, мисалы биздин дагы чек ара кызматы Вьетнамдан келген жарандарды “Акжол” бекетинен киргизбейбиз. Аларды бир гана учак менен киргизебиз. Мындай маселелер пандемияга байланыштуу болушу мүмкүн “, – деди чек ара кызматынын маалымат катчысы Гулмира Бөрүбаева.

Мындан тышкары эмне үчүн Казакстан тарап кыргыз жарандарын чек арасынан өткөрбөй жатат деген суроо боюнча Тышкы иштер министрлигине байланышканыбызда азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Кийинки макалага көз салып туруңуз.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь