Бишкек дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын катар тизмесинен төмөндөп, 66-орунга жайгашты.
Бул тууралуу атайын иликтөө жүргүзгөн сайттын маалыматынада айтылат. Адистер абанын булганышынан сактануу жолдорун сунуштайт. Маселен, үйдүн терезелерин көп убакытка ачык калтырбоо зарыл. Ошондой эле көчөдө маска тагынуу, сыртта физикалык кыймылды азыраак жасоо жана аба тазалоочу каражаттарды колдонуу керектиги сунуш кылынат.