КУБАНЫЧБЕК ИСАБЕКОВ: “ДИПЛОМУНАН КҮМӨН САНАП ӨЗДӨРҮ КАЙРЫЛГАНДАР ДА ЖООПКО ТАРТЫЛЫШЫ КЕРЕК” (Аудио)

972

Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков дипломунан күмөн санап өздөрү кайрылган кызматкерлерди да мыйзам чегине ылайык жоопко тартуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал “Элдик Медиага” билдирди.

Анын айтымында жасалма дипломго ээ болгон кызматкерлер буга чейин чоң суммада айлык алып, чоң кызматтарды ээлеп мамлекетке, экономикага зыян келтиришкен.

“Күмөн жараткан дипломдорду өзү келип айтып билдирип койсо, жоопко тартпай кетирип койсо бирок ал ошол жасалма дипломдор менен чоң айлыктарды алып, чоң кызматтарды ээлеп, мамлекетке экономика, каржы жана саясий жагынан да зыян келтирген (акмак) кишилерди жөн эле кое берип койгонго мен каршымын. Алар сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек бирок жеңилдетилген түрдө. Мамлекетке кандай зыян алып келди аны бюджетке төлөттүрүш керек. Жоопко тартуу жагын сот аркылуу чечим кабыл алынса жакшы болот. Бирок күнөөлүү деп таап, аны сабап алып кое берип койгондой болбойт. Андай метод менен кете берсек жакшылыкка барбайбыз”, -дейт Исабеков.

Ошондой эле мурдагы вице-спикер жасалма дипломун жашырып жаткандар көбүрөөк жаза алыш керек экендигин айтьп, Кыргызстанда дипломдон тышкары башка да баалуу кагаздарда мүчүлүштүктөр көп экенин белгиледи.

“Ал эми жасалма дипломдорун жашырып жаткандарды албетте жазага көбүрөөк тартыш керек. Бизде диплом эле эмес айдоочулардын жана көптөгөн юридикалык кагаздар бар бизде жасалма түрдөгү. Мисалы жарандык паспорттордун дагы канчасын жасалма түрдө чыгарышты. Акыркы жылдары жасалма документтердин көп болгонунан Америка дагы Кыргызстанга виза бергенин токтотуп салган”, – деди өз сөзүндө мурдагы вице-спикер.

Мындан тышкары Кубанычбек Исабеков Кыргызстанда саны бар сапаты жок окуу жайлар көбөйүп кеткендигин, натыйжада ушундай көйгөйлөр жаралып жаткандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, жасалма диплому бар деген шек менен мандатынан ажыраган депутаттын окуясынан кийин, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөдөгү мамлекеттик кызматта иштеген бардык жарандардын дипломдорун текшерип чыгуу тапшырмасы берилген.

Буга байланыштуу УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдоо, жасалмалоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин жана жарандын мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегенинин натыйжасында келтирилген зыяндын орду толтурулаарын эскерткен.

Мындан тышкары УКМК жогорку билими бар боюнча жасалма документтерди колдонгондор же алардын келип чыгышынын аныктыгынан күмөн саноолор болсо, адамдарды ыктыярдуу түрдө улуттук коопсуздук органдарына кайрылуусун сунуштап, аталган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат жана анонимдүүлүкө кепилдик берилерин маалымдаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь