САДЫРДЫН ОРДУНА АДАХАМ КЕЛЕБИ?

1 162


(Сөзсүз жана мүмкүн деген темадагы фантазия).

Бул бийлик финишке жетип калды окшойт. Негизи бул маселе күтүлбөгөн иш эмес – бул табигый нерсе. Ошентсе дагы позициямды түшүндүрөйүн:

• Убакыт өткөн сайын объективдүү системалуу экономикалык жана социалдык көйгөйлөр жыйналып – марага жакындап калды. Маселе кыш же жаздын аягына кептелет;
• Бул өкмөттүн мурдагыдай эле объективдүү жана субъективдүү негизде бул проблемаларды чечүүгө мүмкүнчүлүгү жетпейт;
• Айтылган маселелерге ички жана тышкы саясий көйгөйлөр кошулат. Кийин баардыгы толукталып бириккенде жарылууга алып келет;

Кыскасы көйгөйлөр бышып жетиле баштады, демек жарылуу сөзсүз болот жана олуттуу түрдө.

  • Ошондо мындан ары эмне болот? Бирок ага чейин кыскача ички жана тышкы саясий факторлорго токтолоюн.

Өткөн жылы бул бийлик (ички саясат үчүн эң маанилүү сынактан) оңой өттү – бул бурмаланган сервер-гейт шайлоосу. Бирок, азыркы жүргүзүп жаткан жийиркеничтүү иштери (кадр саясаты, журналисттерге мамилеси, оппоненттердин интимдик жашоосуна кийлигишүүсү, күчөгөн коррупция ж.б.) коомго өтө тез жана катуу эмоционалдык терс таасир берди. Бийликтин аракеттерине эл тарабынан (саясий айрмачылыкка карабастан) бирдей баа берилип мындан ары бирдиктүү оппозиция түзүүгө жол берилди десек болот.

Эми тышкы саясаттын факторлору жөнүндө. Бирок мунун баары менин фантазиям – муну мен байкаганды жакшы көргөн кызмат үчүн эскертейин.
Коңшу өлкөдөгү окуя жана жалпы геосаясий (ошонун ичинде былтыркы Баткен атышуу) фонунда кыргыз бийлиги үчүн өтө татаалдашкан мезгил келди.
Кыскасы, 05.10.2020 октябрьды унута элек Кремль, жазында экидос заманын аякташ керек деп эсептейт жана оперативдүү пландарын даярдап жаткандай. Алар куурчак талапкерге кызыктар.

Менин бул чечимдин себептери төмөндө:

  1. К.Т. жергиликтүү кеңсеге “таптакыр” туура келбеди.
  2. Эмануэль чекара маселесин өз кызыкчылыгына чечүүнү талап кылып отурат, а биздин экидос каршы.
  3. Үчүнчүдөн, экидос Кремль көзөмөлдөгөн система үчүн коркунуч алып келет.
    Дагы бир кызыктуу жана коркунучтуу суроо – анда негизги талапкер ким?

Эмануэлдин сунушу менен, караниет 275 метр протоколго кол койгон адам деген версия бар.
Ушул ойлор жетиштүү-го дейм. Ошондуктан, бийлик эсине келбесе өздөрүнө өкүнүчтүү! Бирок, улуу философ айткандай, бизди өлтүрбөгөндүн баары күчтүү кылат!

Дагы бир нерсе – суу болбойт! Эми жыйынтыкты өзүңүз чыгарыңыз.

Эркин САКИЕВ

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь