Ташиев кызматын сактап калуу үчүн инисин садагага чабабы?

294

Кыргызстандагы октябрь окуясынан кийин, өлкөдө олуттууу өзгөрүүлөр орун алганы баарыбызга маалым. Ошол учурда мамлекетке биринчи тынчыкты, тартипти киргизүү башкы милдеттемелерден эле, ошентип Улуттук коопсуздук кызматына 2020-жылдын 16-октябрында Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич төрага болуп шайланды. Ал өлкөнүн коопсуздугун өз мойнуна алып, коопсуздук тармагындагы чечилбеген маселелерди ирети менен чечүүгө убадалады.

Бирок Ташиев кызматка келгени менен 2 жыл ичинде жарандык коом арасында, анын ишин сындагандар кескин көбөйдү. 36 кыргыз жаранынын өмүрүн алган кыргыз-тажик ортосундагы чечилбеген чек ара (Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек), кландык башкаруу (тууганчылык) жана соңку журналист Болот Темировдун иликтөөлөрүнөн кийин болуп өткөн окуя кыргыз коомчулугунун айрым чөйрөсүнүн кендирин кесип, акыр соңунда Ташиевди кызматтан кетүүсүнө чейин талап кылып кол топтой баштаганына себеп болгонсуду.

Буга мисал кечээ, 26-январда активисттер, жарандык активисттер, саясатчылар, юристтер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбековду кызматтан алуу жана жоопкерчиликке тартуу талабын коюшканы белгилүү.

Алардын айтымында, УКМК төрагасы менен ИИМдин башчысы өздөрүнүн түз милдеттерин аткаруунун ордуна, коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан берилген ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кыянаттык менен пайдаланып, журналисттердин, оппозициялык саясатчылардын, жарандык активисттердин жеке жашоосуна толук көзөмөлдү орнотуп алышкан.

Натыйжада бүгүнкү прогрессивдүү коом коопсуздук жана укук коргоо органдарынын мындай иш-аракеттерин жалпы коом үчүн, ар бир жаран үчүн да өтө кооптуу экенин белгилешип, сөз эркиндигин чектөө менен адамдардын жеке жашоосуна чейин аралашкан УКМКнын ишин уятсыздык жана жийиркеничтүү деп мүнөздөөдө.

Ошондой эле жарандар тарабынан октябрдагы ыңкылапты Ташиевдин туугандары үчүн кылган эмес деген дагы пикирлер жаралган.

Буга улай жакын арада гана УКМК төрагасы “бир үйдөн бир гана саясатчы жетет” деп 7-чакырылышка жаңы гана депутат болуп шайланган иниси Шаирбек Ташиевдин мандатын тапшырарын айтып чыкты.

Депутат Дастан Бекешов УКМКнын төрагасынын бул чечимине пикирин билдирип, Шаирбек Ташиевдин агасынан айырмаларын жана анын депутат болуп калышына макул экенин жашырган жок.

Мындан тышкары социалдык тармактарда ” Иниси өз кызматын жакшы билет болчу”, “Иштей берсе болмок, кызматын сактап калуу үчүн Ташиев инисин садагага чабабы?” деген дагы пикирлер кошулууда.

Кантсе да, акыркы окуялар демократиялуу, эркин элбиз деп төш кагып жүргөн кыргыз элинин кыжырына тийип алгандай. Мындан аркы кырдаал кандай уланат жарандык коом Ташиевди бийлигинен алып түшөбү же өзүлөрүнө күнө коюлабы аны убакыт көрсөтөт.

Эскерте кетсек, иликтөөчү журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаров тууралуу социалдык тармакта жашыруун жаздырылган аудио, видеолор тарап жатат. Ошол эле маалда “журналисттерге, бейөкмөт уюмдарга каршы митинг өткөрүү чакырыгы” ташталууда. Жарандык коомдун өкүлдөрү бул иштерди укук коргоо органдары уюштурган деп эсептешет. Алар бийликти “ыңгайсыз адамдар менен күрөшүүнүн эски ыкмасына түштү” деп сынга алууда.

УКМК иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун кармалышы жана жеке жашоосуна байланыштуу видеотасмалардын тарашына эч кандай тиешеси жок экенин 26-январда билдирген.

Кыргызстанда иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын коюшкандан кийин экөө үй камагына чыккан.

Ички иштер министрлиги аларды баңгизат саткан жана аны мыйзамсыз даярдаган деп айыптап жатат. Журналист менен акын коюлган айыптарды четке кагууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь