Түркияда гигиеналык каражаттын баасы кескин кымбаттап, аялдар митингге чыгышты

623

Анкарада парламент имаратынын алдына бир нече аял этек кир келген учурда колдонуучу каражаттын кымбатташына каршы нааразылык акциясына чыгышты. Түркия полициясы аларды кармап кеткени кабарланды.

Аялдар тобу алар колдоно турчу каражаттын баасы 50 пайызга кымбаттады деген жүйө менен гигиеналык каражаттарды жана тампондорду бекер алууга үндөгөн. Көбүнүн керек болсо сатып алууга чамасы жетпейт: «Прокладка, тампондор – бул мактаныч эмес, эң негизги муктаждык», «Биз унчукпай отура албайбыз жана баш ийбейбиз», – деп кыйкырышкан.

Түркиядагы инфляция өткөн айда 36 пайыздан ашып, өкмөттүн маалыматына караганда, инфляциянын дээрлик 20 жылдагы эң кескин өсүүсү болду. Көптөгөн негизги товарлардын баасы 50 пайыздан ашык кымбаттап, калкка жеткиликтүү болбой калды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь