“Жууп, кайра колдонобуз”. Аял бир нече жолу колдонулуучу “даарат кагазын” ойлоп тапканын айтып чыкты (Сүрөт)

686

АКШнын Канзас-Сити шаарында жашаган аял бир нече жолу колдонулуучу “даарат кагазын” ойлоп тапканын айтып чыкты. Анджела Коффман жөнөкөй даарат кагазынан баш тартуу менен айына 20 доллар үнөмдөп турганын айтат. Бул тууралуу “The Sun” басылмасы жазып чыкты.

Миссури штатынын Канзас-Сити шаарынын тургуну Анджела Коффман кездемени бир нече бөлүктөргө бөлүп, кайра колдонууга жарактуу даарат кагазына айланткан.

Анын колунан жасалган “даарат кагазын” бүт үй-бүлө мүчөлөрү колдонушат. Кир «даарат кагазын» атайын чакага чогултуп, анан тазалап, жууйт.

“Бизде кичинекей таштанды челек бар. “Даарат кагазын” ичинде сактайбыз. Аны жууп, кийин кайра колдонобуз. Орто жашаган үй-бүлө катары табышыбыз деле жок эмес, бирок ажатканага акча короткум келбейт. Биз 20 доллар үнөмдөйбүз. Бул жылына 240 доллар болот “, – дейт Анжела.

Белгилей кетсек, Анжела үй-бүлөсү менен беш жылдан ашык убакыттан бери колдон жасалган “даарат кагазын” колдонуп келишет. Бирок үнөмдөөнүн бул ыкмасы баарына эле жага бербегидей.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь