Ташиев: “Тажик тарап менен жолугушуу өткөргөнү турабыз” (Видео)

663

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев саат 11:00дө тажик тарап менен жолугушуу болорун билдирди.

Анын айтымында жолугушуудан кийин маселелер чечилет.

“Саат 11де биз тажик тарап менен жолугушуубуз болот. Ошол жолугушууда бул маселе чечилет. Бул окуялар түнү менен президенттин көзөмөлүндө болду. Аскерлер, жарандар арасында жоготуулар болгон жок, жеңил жаракат алгандар болду. Президенттин тапшырмасы менен комиссия түзүлдү, анан баары териштирилип чыгарылат. Абал турукташты жана толугу менен көзөмөлдө”, –деди Ташиев.

Белгилей кетсек, 27-январда саат 17:30 – 18:00 аралыгында Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Төрт-Көчө аймагындагы Баткен—Исфана жолун бир тараптуу жапкан. Эскалацияга жол бербөө максатында аталган аймакка УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын башчысы, полковник Рустам Миршакиров чыгып кеткен.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин жол ачылды. Чек арачылар күчөтүлгөн режимге өтүшкөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь