Турат Акимов: “Бүгүнкү күндө эч кандай тажиктер менен келишимге кол койбош керек”(Аудио)

3 518

Саясий аналитик, журналист Турат Акимов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүүдө “ок атышууну токтотуу” келишиминен тышкары эч кандай келишимге кол койбошу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал “Элдик Медиага” билдирди.

Анын айтымында тажик тарап өз кызыкчылыктарын коргогон келишимдерге кол койдуруп алышы мүмкүн.

Бүгүн кыргыз бийлиги ошонун ичинде Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды. Бүгүнкү учурда ошол жердеги өкмөт структураларын жана аскер структураларынын делегациясы сүйлөшүү жүргүзүү максатында Исфарага кетти. Мындай болбош керек, эгерде атышуу болуп кеткен жерде нейтральный зонада сүйлөшүш керек. Тагырагы ок атышууну токтотуудан башка эч кандай жер, суу бир нерселерди жылдыруу протокол, меморандумга кол коюлбашы керек. Тажиктерге баргандан кийин кандай түрдө басым кылат, кандай түрдө кысым кылат жана кандай түрдө алдамчылык кылат аны эл билбей калат. Ошондуктан бүгүнкү күндө эч кандай тажиктер менен келишимге кол койбош керек. Анткени опуза жасап, кыстап туруп өздөрүнө кызыктуу келишимге кол койдуруп алат. Ушунусу өтө кооптуу, ошондуктан кыргыз делегациясы бүгүн сүйлөшүүлөрдө эч кандай документтерге кол койбошу керек. Бир гана ок атышууну токтотуу келишимине кол коюш керек. Андан башка эч кандай келишимдерге кол койгонго болбойт”, – деди Турат Акимов.

Белгилей кетсек, бүгүн 28-январда эрте менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев саат 11де тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрөрүн билдирген.

Окуя боюнча:

27-январда саат 17:30 – 18:00 аралыгында Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Төрт-Көчө аймагындагы Баткен—Исфана жолун бир тараптуу жапкан. Эскалацияга жол бербөө максатында аталган аймакка УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын башчысы, полковник Рустам Миршакиров чыгып кеткен.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин жол ачылды. Чек арачылар күчөтүлгөн режимге өтүшкөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь