Хаиталы Айкынов: “Тажик бийлиги атайылап провокация кылууда”

236

Тажик бийлиги атайылап провокация кылууда. Бул тууралуу өз оюн Баткен районунун экс-акими Х.Айкынов билдирди.

“Тажикстан тарап чек ара маселесин чечүүдө агресивдүү баскынчылык саясат жүргүзүүдө. Алардын максаты чек ара көйгөйүн чечүү менен тынчтыкты орнотуу эмес, Баткен облусунун жер, суу, кен-байлык жаратылыш ресурстарын ээлеп алуу!

Алардын мындай саясаты Тажикстандын бийлик органдарынын иш-аракети аркылуу жана жүргүзгөн маалымат саясатынан байкалууда. Ушундан улам, маселе сүйлөшүү жолу менен чечилиши кыйын болууда. Алар атайылап провокация, чагымчылдык аракеттерди атайылап жасаган учурлар даана болууда. Акыркы чек арадагы окуя муну тастыктап турат. Тажик бийлиги менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес, ошондуктан үчүнчү тарап ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө гана маселе чечилиши мүмкүн”,- деп билдирди Баткен районунун экс-акими Хаиталы Айкынов.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атады. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь