Temirov live каналынын 10дой адамы суракка чакырылды

329

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Temirov LIVE деп аталган YouTube каналда иштеген 10дой адамды 28-январга, кечки саат 6га күбө катары суракка чакырды. Алардын арасында журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров жок экени айтылды.

Азырынча шаардык милиция буга байланыштуу комментарий бере элек.

Мындан бир апта мурун аталган канал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган. “Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темадагы материалда “Кыргыз Петролеум Компани” мамлекеттик ишканасы “Регион Ойл” деп аталган компанияга мазут сатканы, жеке компания мазутту сыртка экспорттоп, эки күндүн ичинде 37 миллион сом тапканы айтылган. Ташиев менен анын жакындары дооматтарды четке каккан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь