Интернет колдонуучулар “Instagram” тармагындагы мүчүлүштүккө нааразы болушту.
“Downdetector”” сайтынын маалыматы боюнча, социалдык тармактын колдонуучуларынын көбү “Instagram” сайтынын ишине нааразы болушкан (84%). Мындан тышкары, айрымдары авторизациялоодо көйгөйлөргө туш болушкан (6%).
Даттануулар АКШ, Британия, Канада, Орусия жана Украинадан түшүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын 29-январында саат 7:46да ашыкча иштөө боюнча эң көп даттануулар түшкөн. Саат 9:00дө Instagram калыбына келе баштады. Бирок, кээ бир өлкөлөрдө дагы эле көйгөйлөр бар.
Компания азырынча комментарий бере элек деп айтылат маалыматта.