БАТКЕНДЕГИ СОГУШ ЖАНА ЖЕНЕВА КОНВЕНЦИЯСЫ

354

Кыргызстан менен Тажикстан чек арасындагы абал күндөн-күнгө оорлошууда. Чек арадагы азыркы кырдаалды аналитиктин көзү менен карап көрөлү.

– БУЛ КАГЫЛЫШУУГА ЧЕЙИН ЭМНЕ БОЛГОН, КАГЫЛЫШУУДА ЭМНЕ БОЛДУ?

05-июль, 2021-жыл

Тажикстан талибдердин чабуулуна 20 миң кишини мобилизациялаган. Мобилизацияга чейин точик аскеринин саны 9 миң адамды түзгөн;

28-январь, 2022-жыл

Ош-Исфана жолунун Төрт Көчө тилкесинде жаңжал башталган. Себеби: Тажикстандан келген чек арачылардын жолду тосушу болгон;

Максаты электролинияларын өрттөө, Баткен районунун инфраструктурасын максаттуу түрдө бузуу;

29-январь, 2022-жыл

  1. Окту токтотту. Бирок, Ооганстан менен чек араны бекемдейбиз деген шылтоо менен ЖККУ боюнча өнөктөштөрүнөн аскердик техника, ок-дарыларды алып, 20 миң адамды топтоп, адегенде кандайдыр бир иш-чарага даярданышкан.
  2. Эң негизгиси карапайым калк жашаган айылдарды электроэнергиясыз калтыруу жана чек ара заставасын электрочубалгыларын максаттуу түрдө бузуу болгон.
  • Эмне үчүн?

Эгерде логикага жана эл аралык мыйзамдарга таянсак, согуш учурунда жарандарды коргоо боюнча Женева конвенциясынын (4) текстинен окшоштуктарды таба аласыздар. Эгерде бул конвенциянын шарттары аткарылбаса, анда жооптуу тарап Гаага аскер трибуналы күтүп турат.

Шилтеме:

Конференция 1949-жылдын 21 апреля 12-августуна чейин Женевада болгон жолугушуунун жыйынтыгы боюнча келишим иштеп чыккан. Конвенция француз жана англис тилдеринде иштелип чыккан. Эки текст тең бирдей анык. Швейцариянын Федералдык Кеңеши конвенциянын орус жана испан тилдеринде расмий котормолорун камсыз кылган.

• Женева конвенциясы жарандык калкты жана жарандык объектилерди коргоону камсыз кылуу максатында чыр-чатактын катышуучуларынан жарандарды жана согуштук аракеттердин тике катышуучуларын (согушкерлерди) айырмалоону талап кылат. Жалпы жарандык калкка да, айрым жарандарга да кол салууга тыюу салат.
• Чабуулдар аскердик бута-максаттарга гана багытталышы керек. Согуштук аракеттерге катышпаган же катышууну токтоткон адамдар (анын ичинде согуш туткундары) өмүрүн, дене жана психикалык кол тийбестигин урматтоого укуктуу. Мындай адамдарды эч кандай басмырлоосуз, бардык шарттарда коргоо жана аларга гумандуу мамиле кылуу керек.
• Багынган же согуштук аракеттерге катыша албай калган душманды өлтүрүүгө жана жарадар кылууга тыюу салынат.
• Ошондой эле керексиз жоготууга же ашыкча азап-кайгыга алып келүүчү куралды же согуш ыкмаларын колдонууга тыюу салынат.
• Жабыркагандарга жана оорулууларга кагылышуунун кайсы тарапка таандык экендигине карабастан медициналык жардам көрсөтүлүүгө тийиш. Медициналык кызматкерлерди жана медициналык мекемелерди, ошондой эле аларды транспорт менен жабдууну, коргоону камсыз кылуу зарыл.
• Ак түстөгү кызыл крест жана кызыл айча эмблемасы бул коргоонун белгиси. Кызыл крест жана кызыл айча эмблемаларын колдонгон адамдарга жана объектилерге кол салууга болбойт. Ошол эле учурда эмблеманы куралдуу мүнөздөгү аракеттерди жаап-жашыруу үчүн колдонууга тыюу салынат. (I Конвенциянын 19-ст.)
• Туткунга алынган жоокерлер жана душмандын колунда турган интернацияланган жарандар өз өмүрүн сактап калууга, алардын ар-намысын, жеке укуктарын жана ишенимдерин (саясий, диний жана башка) урматтоого укуктуу. Алар ар кандай зордук-зомбулуктан жана репрессиялардан корголушу керек. Алар үй-бүлөлөрү менен кат алышууга жана жардам алууга укуктуу. Ар бир адамга негизги соттук кепилдиктер берилиши керек.

– Эмне үчүн карапайым калктын электрожарыгын өчүрүү керек?

– Эмне үчүн 30 миң аскерди чогултуу керек?

– Эмне үчүн бул көрүнүштү уюштуруп, Баткен инфраструктураны жок кылуу керек?

– Рахмондун аракеттеринде жогоруда камтылган коркунучтуу учурлар болсо, мындан ары андан эмнени күтүүгө болот?

– Провокациялардын чыныгы себептери эмнеде?

PS.

Бул суроолорго жоопту жакынкы арада аларбыз, бирок Кыргызстандын элине кымбатка турат-ко деп корком.

Данияр АКМАТОВ

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь