Бишкек шаарына караштуу Октябрь РИИБдин кызматкерлери унаа уурдоого шектүү жаранды кармашты.
Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын А.А. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Ал 23-январга караган түнү 5-кичи районунда «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөө айдап качып кеткенин айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү делип 1999-жылы туулган Д.У. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка алынды. Уурдалган унаа табылды.
Андан тышкары кармалган жаран мындан башка дагы 2 кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн деп божомолдонууда.