Камчыбек Ташиев тажик кесиптешине протоколдорго кол коюу болбой турганын айтты

3 942

Бүгүн, 29-январда Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусу өтүүдө. Делегациялар Баткен районундагы «Кызыл-Бел автодорожный» өткөрмө бекетинде жолугушту.

Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеп, курамында чек ара кызматынын жетекчилери, Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода бар.

Кыргызстандын делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жетектеп, курамына Ички иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын жетекчилери, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кирди.

К.Ташиев кесиптеши С.Ятимовго жекеме-жеке жумушчу жолугушуу өткөрүп, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяны талкуулоону сунуштады. Камчыбек Ташиев жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколдорго кол коюу болбой турганын белгиледи. Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы да макул болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь