Канадада жүк ташуучулардын нааразычылыгы массалык митингге айланды (ВИДЕО)

301

Канаданын борбору Оттавада жүк ташуучу унаанын айдоочулары жана аларды колдогон күчтөрдүн өкмөткө каршы кеңири масштабдагы митинги башталды. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, буга чейин борбордо 10 миң демонстранттардан турган убактылуу лагерь түзүлгөн.

Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Оттавага “Эркиндик колоннасы” жүрүшүн 23-январда баштаган. Ага чейин 15-январда Канаданын федералдык өкмөтү АКШдан Канадага чек арадан өткөн бардык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүнү милдеттендирген. Бирок жүк ташуучулар АКШдан кайтып келгенден кийин эмделбеген адамдар үчүн 14 күндүк карантиндик чектөө чараларын алып салууну талап кылышууда.

Ал эми Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо нааразы болгон демонстранттарды “маргиналдык азчылык” деп атады. Ал арада эксперттердин пикири боюнча, Канада өкмөтүнүн башчысынын мындай позициясы олуттуу экономикалык жана саясий кризиске айланып кетүү коркунучун жаратат.

“Азыр Канадада эң чоң революциялардын бири болуп жатат. Учурда 50 000 жүк ташуучу жана 1,4 миллионго жакын адам Оттавадагы парламентке баратышат. Алар Трюдо отставкага кеткенге чейин ошол жерде болушат”, – деди Тео Флери.

Митингчилер нааразылык акциясы тынчтык маанайда өтүп жатканын айтышууда.

Канадалык жүк ташуучу альянстын маалыматы боюнча, 160000ге жакын айдоочулар АКШ менен чек араны үзгүлтүксүз кесип өтүшөт. Жаңы чектөөлөргө байланыштуу 32 миңге чейин адам каттамдардан четтетилиши мүмкүн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь