Орусиянын Ленинград облусунда чокунуу учурунда сууга чөгүп кеткен аялдын сөөгү табылганын РИА Новости билдирди.
“Сөөк Ленинград облусундагы Ородеж дарыясынан табылды”, — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Ленинград облусунун Гатчина районундагы Оредеж дарыясында чокунуп сууга түшүү учурунда 40 жаштагы аял каза болгон. Гатчина аймагындагы чуңкурда сүзүп жаткан аял муз агымынын астында калган. Сөөктү издөө үчүн суучулдар үч жолу суу астына кирип чыгышкан, бирок натыйжа болгон эмес.