“Экономикасы менен өнүккөн мамлекеттерди мен экология менен басып таштайм” дейт Арстан Алай.
Эл арасында Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев ютуб каналдардын биринде берген маегинде күчтүү мамлекеттердин айласын кетирип саларын айтты.
“Кыйынсынган Россия, АКШ, Европа, Кытайда вирустун катталышы, кыштын оор болушу, кыйналышы бүгүнкү күндө белгилүү. Алардын адамдарды башкарып кетебиз деген каражаты, саясаты, медицина техникасы, куралдары менин астымда алсыз болду. Мен кыргыз жергесинде тургандыктан, эл кыйналып баштаганда мен кышты жоюп койдум”- дейт Арстан Алай.
Ошондой эле, ал булутту материя катары колу менен жылдыра ала турган касиетке ээ экенин белгиледи.