Пенсия жашында иштеп жаткан кызматкерлерге пенсиянын базалык бөлүгү берилбейт

44 127

Пенсия жашында иштеп жаткан кызматкерлерге пенсиянын базалык бөлүгү берилбейт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева Жогорку Кеңештин жыйынында пенсиялык системаны жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын реформалоо боюнча парламенттик угууда айтты.

“Азыр иштеп жаткан пенсионерлер мамлекеттик бюджеттен эмгек акы алып жатышат. Пенсиянын базалык бөлүгүн иштеп жаткан учурда токтотулуп турат. Анткени экөөнүн тең булагы республикалык бюджет“, – деп билдирди Жуматаева.

Белгилей кетсек, өлкөдө пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь