Мекендештер катардагы жумушчу болгонуна ыраазы болушуп, өсүүгө ишенишкен эмес – Н.Акаев

1 450

“Элдик медиа” интернет порталынын “Кызык адам” долбоорунун кезектеги каарманы – бул дээрлик төрт жылдан бери Россияда мигрант болуп жүргөн 26 жаштагы Нурхан Акаев. Ал адегенде катардагы ашпозчулуктан ишин баштап, учурда жергиликтүү пиццерия компаниясында операциялар бөлүмүнө директор болду.

Нурхан Акаевдин кызыктуу жашоосу кандай башталды…

Акаев Нурхан Кубатович, 1996-жылы Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөн. 2012-жылы Нарындан Бишкек шаарына келип колледжде окуусун улантып, Бишкек Финансы Экономика академиясынын финансы багытындагы адистикти артыкчылык менен аяктаган. Андан соң КУУнун финансы тармагында дистанттык түрдө билимин уланткан. ЖОЖдогу окуу менен биргеликте жол-курулуш компаниясында бир жыл иштеп, кийин эркин экономикалык аймак дирекциясынын Бишкектеги товарлардын кыймылын эсепке алуу бөлүмүндө иштеген. Ал жерде эки жыл эмгектенгенден кийин сыртка иштөөгө чечим кабыл алат.

Бир нече вариантардын ичинен Түркия өлкөсүн тандап, бир жыл мейманкана кызматтары жана туризм жаатында иш алып барган. Кийин Кыргызстанга кайрадан кайтып келип, андан соң тааныштар аркылуу Россия Федерациясынын Иркутск шаарына барган.

–  Окуучу кезиңиздеги кыял-максаттарыңыз кандай эле?

– Бала кезимден банкир болууну кыялданчумун, ошондуктан мен финансы багытын тандадым. Кыялым Кыргызстанды Швейцарияга теңөө болчу.

– Эмне себептен Россияга кетүүнү чечтиңиз? Ал жактан кантип жумушка орношуп калдыңыз? Кандай максатта бардыңыз эле? 

– Көчүүнүн негизги себеби, жаңы нерсени сезүү, каалоо болду. Мен Иркутскка 2018-жылы декабрда көчүп келдим. Келгениме бир жума өткөндөн кийин тааныштарымдын сунушу боюнча, Fox Pizza компаниясына жумушка орноштум, бул жергиликтүү пиццериялардын лидерлери, азыркы учурда чынжырда 15 пиццерия бар.

Менин карьерам – ашпозчунун кадамдарынан башталды, ашпозчу болуп иштеп жүргөндө дагы көп нерсени билдим, персоналды башкарууну бардык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга күбө болдум. Демилгенин аркасында компаниянын башчысы мени байкап, компаниянын борбордук кеңсесине башкы директордун жардамчысы кылып өткөрүп берди. 4 айдан соң ал компаниянын операциялар бөлүмүнүн директору болуп дайындалдым. Мен иштеп аткан компания Иркутскта эле болчу, акыркы 1,5 жылдын ичинде Иркутск областнын Ангарск, Братск, Усолье жана Шелехов шаарларына дагы точка ачтык.

–  Сиздердин ишмердүүлүккө азыркы экономикалык катаал шарттардын кесепети тийип жатабы?

–  Эң кыйыны өндүрүштө колдонулган азыктардын кымбаттаганы жана кээ биринин өлкөгө кирбей калганы болду. Ошондой эле чектөөлөрдүн айынан ар кандай сервистер дагы иштебей калды. Бирок бардык көйгөйлөрдү чечип, өз нугуна салып келе жатабыз. Иш токтогон жок.

Азыр кээ бир ишке керек нерселерди Кыргызстандан алып келгенге иш жүргүзүп жатабыз, мисалга алсак ушул айдан тарта униформаны Кыргызстандан тиктирип баштадык. Себеби логистиканын оңойлугу, баасынын арзаныраагы жана сапаты жакшы болгондуктан бул жак кызыгып жатат. Мындан тышкары, Кыргызстандан ар кандай деңгээлдеги ишкерлерди алып келгенге иш алып бара баштадык: маркетинг, дизайн, программисттерди ж.б.

– Кызыктуу окуяларыңызды же жашоодон алган сабактар тууралуу кеп салсаңыз?

– Адегенде азыркы иштеп жаткан компанияга ишке орношконумда, борбордук кеңсебизде биздин республикадан жада калса коңшу мамлекеттерден башка бир дагы жаран жок эле. Менин айланамдагы мекендештердин бардыгы катардагы жумушчу болуп иштегенине ыраазы болушуп, андан ары өсүүгө ишенишкен эмес. Бирок мен өжөрлүгүмдөн улам аларга тескери оң натыйжаны көрсөтө алдым деп ойлойм. Себеби мага убакыттын текке кетпегенинин негизги көрсөткүчү бул өсүп-өнүгүү экенин дайым үйрөтүшчү.

– Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

Мен үчүн негизги максат – тез өсүп келе жаткан компаниялар менен бирге өсүү.

Азыркы учурда, биздин компания жакынкы аймактарда франчайзинг тармагын өнүктүрүүнү баштап жатат жана келечекте башка өлкөлөрдө да ачууну пландап жатабыз. Бул багытта биздин компаниянын көптөгөн артыкчылыктары бар:

  • Пиццериянын ар кандай форматы-конокторубуздун ар кандай муктаждыктарын канааттандырууга багытталган. Балдардын аянты бар ресторандардан баштап, ар кандай даамдагы кальян, коктейль сатылган пиццерия бар
  • Жогорку маржа бизнес
  • 100% сыналган бизнес модели
  • Талап кылынган жана кызыктуу бизнес
  • Бизнестин өзөгүн жагымдуу жана даамдуу продукт түзөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь