“Досуңдай болуп калат”. Жаш кинолог кызматтык иттерди багуунун сырлары менен бөлүштү

1 318

21 жаштагы сержант, Уланбек уулу Сыймык Чүйдөгү Жаза аткаруу кызматынын 3-батальонундагы 7-ротасында кызмат өтөйт. Ал кызмат өтөө менен биргеликте кызматтык итти багып, аны кылмышкерлерди кармоого даярдайт. Жаш кинолог “Элдик Медиа” агенттигине итти багып, аны үйрөтүүдөгү өзгөчөлүктөр жана анын сырлары тууралуу бөлүштү.

Анын айтымында кызматтык иттер, кинологдун жакын досундай болуп калат. Керек болсо таарынат, андыктан аны үйрөтөм десең сырын билип, иттин ички туюмун сезип туруу керек болот.

Айтсаңыз Сыймык кызматтык иттерди багып үйрөтүү планыңызда мурдатан болду беле?

– Армияга келгенге чейин кызыгуум болгон эмес, бирок кийин бул жакты көрүп кызыгуум артып, итти багып аны үйрөтүүгө абдан кызыгып кеттим. Алгач курсант болуп түшкөндө, атайы кызматтык иттерди үйрөтүүдөгү окутуу болуп жаткан экен, экзамен тапшырып өтүп кеттим. Окууну аяктагандан кийин, 3-өзүнчө батальондун 7-ротасында кызмат өтөп, ал жерде нускоочусу болуп калдым.

– Итиңизди канча убакыттан бери машыктырып келе жатасыз?

– Бул ит менен алты айдан бери чогуу болуп, машыктырып келе жатам. Породасы европейский овчарка, бир жашта. Аты альма. Дос баламдан күчүк кезинде алгам. Мындай эле жүргөн ит болчу, мына минтип кызматтык иттердин катарына кирип олтурат. Күнүнө эки маал убакыт бөлөм, бир сааттан жарым саатка чейин машыгам. Ошондой эле күнүнө эки маал тамактанат.

Итти үйрөтүүнүн кандай өзгөчүлүктөрү бар? Кандай нерселерди талап кылат?

– Башында мага көнбөй атты, итти багып аны кызматтык ит катары даярдоодо адамга нерв, сабырдуулук керек экен. Нервиң күчтүү болбосо, ит менен достошуп аны үйрөтүү кыйынга турат.

– Ошентип экөөбүз достошо баштадык, өзүмө көндүрүш үчүн таттууларды берип баштадым. Анан өзү деле көнүп калды, көнгөндөн кийин анан, команда бере баштадым. Мына ошондо оорчулуктар башталат, бир эле “олтур” деген буйрукту бир жума үйрөттүм. Анан кийинкилерин дагы бир жумалап үйрөтүп аттым. Мына ошондо нервиң калың болуш керек.

– Итиңизди машыктыруу учурунда кандай кызыктуу окуяларга туш болдуңуз эле?

– Үйрөтүп жатканда өзүмдү тиштеп алган учурлар болгон. Иттин дагы көңүлүн карап туруш керек, таарынып калган дагы учурлары болот. Бардыгын үйрөнүп калса деле, мелдешке чыкканда бир жерден жылбай кыймылдабай калган деле күндөрү болот. Итимди көз карашынан билемин, ал дагы менин көз карашымдан билет. Жаман көз караш менен карасам өзү деле түшүнүп баштайт азыр мени урушат дегенсип… Бири-бирибиз менен достошуп көнүшүп калдык.

– Кызматтык иттердин башка иттерден өзгөчөлүгү?

–  Биз бул жактан иттерди үйрөтүүдө өзгөчө көңүл бөлөбүз. Мисалы итим башка бир чоочун адам келип тамак берсе, эч качан жебейт. Ошондой эле формачан адамдарга кол салбайт, граждандык форма кийим кийип жүргөндөргө гана кол салат. Учурда итим абактан качкан, баңгизаттарды таап чыгууга дээрлик даяр болуп калды. Алдыда көп кызматтарыбыз бар деп ойлойм.

Кошумча маалымат: Кинологдор кимдер?

 – Кинолог — иттерди багуу жана үйрөтүү жаатындагы кесипкөй адам. Бул кызматтын ээлери ИИМдин атайын окуу курсунан же окутуу базасы жана уруксаты бар кинология борборлорунан үч айдан ашык окуп, атайын сертификат алышат. Ошол сертификаттын негизинде жумушка алынат. Кинолог иттерди окутуп эле тим болбостон, зоопсихолог да болушу керек. 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь