Кант шаарынын тургуну 15 жаштагы кызын мекетеп окуучусу зордуктады деп айыптады.
20-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынган. Сурак учурунда жашы жете элек кыз 2021-жылдын октябрь айында социалдык тармактар аркылуу теңтушу менен таанышканын айткан. Кийин алар достошуп сүйлөшүп баштаган.
24-февраль күнү түштөн кийин сүйүктүүсү аны Канттагы мейманканага чакырган. Окуучу кыздын мас абалынан пайдаланып, өспүрүм аны менен жыныстык катнашка барган. Милиция кызматкерлери окуяга катышкан 2007-жылы туулган К.А. аатуу баланы табышкан. Анын айтымында, бардыгы өз ара макулдашуу менен болгон.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.