Өлкөдө ири мамлекеттик инвестициялар энергетика тармагына жумшалат

685

Учурда КРгы ири мамлекеттик инвестициялардын 40%ы энергетика тармагына багытталган. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев «КРнын энергетика тармагын трансформациялоо» форумунда билдирди.

Анын айтымында, бул тармакта 25 миң жумушчу орун түзүлүп, ал жыл сайын өлкөгө өнөр жай продукциясынын 175ын жана 600 млрд сомдон ашык кирешени берет.

«Биздин электр энергиясын өндүрүү жылына 15 млрд киловатт-сааттан ашат. Бизде 3.9 гигаватт кубаттуулук бар. Бирок бул баары бир аздык кылат, энергетика тармагында дефицит бар. Кышында суроо-талап сунуштан ашып, электр энергиясын импорттоого туура келген. Мындай абалдын жаралышы тармакты реформалоо боюнча иштиктүү кадамдарды жасоо зарылдыгынан кабар берет», — деди Тилек Айталиев.

Ал белгилегендей, Энергетика министрлиги тармакты 2040-жылга чейин өнүктүрүү планын иштеп чыккан.

«Биздин аракеттер тартыштыкты нөлгө түшүрүп, профицитке жетүүгө багытталган. 2040-жылга чейинки планда энергияны үнөмдөө жана энергияны натыйжалуу пайдалануу каралган. Электр энергиясын үнөмдөө аны өндүрүүгө караганда оңой. Абоненттерге энергияны үнөмдөөнүн маанилүүлүгүн жеткирүү боюнча буга чейин бир топ иштерди жасаганбыз жана мындан ары да улантабыз», — деди ал.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь