КАНАТ ШАБДАЛИЕВ: “40тан ӨТҮП, КЫЗ КАРАБАЙ КАЛГАНДА АЯЛ ЖАНДУУ БОЛУП КАЛДЫМ”

13 988

Жеки Чан, Анжелина Жоли өңдүү дүйнөгө белгилүү актерлор менен табакташ болуп, кези келгенде Брюс Лини учура койгон кыргызстандык Канат Шабдалиевдин кызыктуу өмүрүн баяндайбыз.

Фейсбукта тамашалуу посттору, ютубда апыртма өнөрү менен белгилүү 45 жаштагы Шабдалиев сүйүү күнүндө Ысык-Көл облусундагы Чоң-Өрүктү айылында жарык дүйнөгө келген. Кесиби театр жана кино актеру.

Досуңуз Жеки Чанды кыргызча эле “Жеки” деп коет эмессизби. Брюс Ли, Боло Янгдар менен шеринелеш болуп жүрөсүз. Бир жолу койдун башынын таңдайын чыгарып Анжелина Жолиге бергениңизди да айттыңыз эле. Бул фантазиялар сиздин апыртмаларыңыздын бир гана бөлүгү. Мындай апыртмалар кайдан жаралды, акыркы учурда эмнеге апыртпай калдыңыз?

– Апыртмаларды көркөмдөп, кооздоп айта берем. Себеби бала кезден баштап китепти көп окугам. Классташтарыма көркөмдөтүп окуяларды айтып берип, кийин студент кезде курсташтарыма көбүртүп-жабыртып жүрчүмүн. Ютубга чыгып кеткен апыртмалар Якутияда жүргөндө тартылган. Карантин учурунда 5 ай ал жакка барып иштеп калдым. Сахнаны сагынып, айлам кеткенде вайндарды тарткам. Бирок апыртмалар жарымына жакса жарымына жакпай, эл ар кандай кабыл алып калды. Кийин сүйүктүү сахнама кайтып келгенден кийин тартпай калдым. Басымды апыртмага эмес, олуттуу актерлук өнөрүмө жасап жаткан учурум.

Бирок, вайн тартпаганыңыз менен соцтармактан алыстаган жоксуз. Тескерисинче Фейсбукта абдан активдүү колдонуучусуз. Бул тармакты кандай максатта колдоносуз?

– Фейсбукка тамашалуу пост жазып, элдин көңүлүн көтөрүү бул – хоббим. Өзүмдүн айта албаган ички бугумду ушул жакка жазып, эл менен алаксып мээни эс алдырып алам. Ал үстүнөн Фейсбук абдан саясатташып кетти, ошондон тажап күлкүлүү окуяларды жазууну чечкем. Байкасаңыз мен дин, саясат жөнүндө такыр жазбайм. Ушул социалдык тармак аркылуу жакшы адамдарды таптым. Фейсбук жабылганча ушул жерде болом го.

– Көпчүлүк сизди ким катары тааныйт?

– Мен 23 жылдан бери Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында актер болуп эмгектенип келем. Ушул убакытка чейин 40га жакын роль жараттым. Мени эл тааныйт деп айтуудан алысмын. Караколдуктар тамада же жараткан ролдорум аркылуу көчөдөн таанып саламдашса, фейсбукта туруктуу чакан аудиториям бар.

– Кыздарга тийиштүү постторду көп жазасыз, кыз жандуусузбу?

– Мурда кыз жандуу эле болгом, 40 жаштан өтүп кыздар карабай калгандан кийин, аялымдын жанынан чыкпай аял жандуу эле болуп калдым (деп күлөт). Азыр эми балдар чоңоюп, Кудайым буюрса жакында кайын ата болоюн деп калдым. Улуу балам 24 жашка чыкты, экинчи уулум 16да, кызым үч жашта.

Үйдөгүлөрдүн, жоро-жолдошторуңуздун боорун эзсеңиз керек…

– Фейсбукта кандай постторду жазып жүрсөм, үйдө, да көчөдө да ошондоймун. Эң жаман көргөнүм жасалмалуулук. Өзүбүз үй-бүлөбүз менен боорду эзген тамашакөйбүз, ата-энемден баштап балдарыма чейин куудулданып сүйлөйбүз. Бирок алар интернетке кирбейт, же сахнага чыкпайт дегендей.

– Сүйлөгөнүңүз, турган турпатыңыз эле жөн жүрбөгөн кишидей көрүнөсүз. Жашооңуздагы кызыктуу окуялардын бирин айтып бербейсизби.

– Биздин үйдө төрт эркекбиз, бир туугандарымдын үчөө тең ичимдик ичпейт. Мен эле кичине эркелеп коем. Бир жолу кудаларды тосуп жатып, алар үйгө түнөп калган. Кыязы ата-энем балдарым ичишпейт деп мактанып отурушкан окшойт. Мен кичине кызып калыптырмын. Үйдөгүлөр урушуп кудаларга көргөзбөй, бир бөлмөгө чечинтип жаткызып коюшкан экен. Так ошол мен жаткан бөлмөдө кудаларга кийгизебиз деген кийиттер туруптур, таң атып калганда этикеткасы алына элек костюмду, свитерди кийип алып терезеден секирип айылдагы досторума көчөгө чыгып кеткем. Артыман иним айылды түрө кыдырып издеп, менин кийимдеримди пакетке салып көтөрүп келиптир, “бул кудалардыкы болчу” деп чечинтип кеткен.

– Эч кимге айтпаган сырыңыз болсо мага айтып койбойсузбу.

– Эч кимге айтпаган сырым – кечинде жаткандан кийин түнкү саат 01:30да нан жейм. Саат 11-12де тамак ичемби сөзсүз ушул убакта туруп барып нан жемей адатымды таштай албай жүрөм. Нан жеген адатым уулдарыма жукпай, жалгыз үч жашар кызыма өткөн экен. Түндө төшөккө көтөрүп келип алып жейт. Эртерээк ошол кызды таштатыш керек. Менин адатым калбай, өзүм менен кошо кетет окшойт эми.

Канат Шабдалиевдин көпчүлүк көрбөгөн дагы кандай өнөрү бар?

– Көпчүлүк көрө элек театрдагы образдарым бар. Менин эңсегеним жакшы режиссер менен иштешип, комедиябы же трагедиябы, а балким экөөнү тең аралаштырып трагикомедия режиссерго койдуртуп, ар бир айылга чейин барсам дейм. Актерлук өнөрүм менен бүткүл Кыргызстанды кыдыргым келет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь