Үсөйүн Кудайбергенов 47 колонияны кантип оңдогон?

1 121

“Элдик медиа” интернет порталынын “Кызык адам” долбоорунун кезектеги каарманы – каскадерлук өнөрдөн чоң саясатка аттанган Кубан Джапаров. 17 жашынан “Кыргызфильмде” оператордун жардамчысы катары алгачкы ишин баштаган биздин каарман эмгек китепчесинде бир гана медицина тармагы жок экенин айтып жылмайды.

Жөнөкөй кызматчыдан тарта башкаруучулук кызматка чейин көтөрүлүп, 2021-жылы Парламенттик шайлоого катышып, учурда мигранттарды чет элде жумуш менен камсыздоо ишин аркалап жаткан Кубан Джапаров алгачкы жумушу жана биринчи устаты тууралуу баяндады.

-1990-ж. 17 жашымда, «Запкы» тасмасында оператордун жардамчысы катары иштеп калдым. Режиссёр Бекжан Айткулуев, башкы ролдо атактуу Мамбетов Мурат аны менен чогу “Тунгуч” театрынын бүт артисттери, оператор Манас Мусаев, команда анча чоң эмес болчу, бирок ошол учурдагы кино дүйнөсүндөгү бардык күчтүү, атактуу адамдар эле.  Мен командадагы эң кичүүсүмун, бири мага кенже катары мамиле жасаса, Манас Мусаевич өз атамдай мамиле кылчу. 

-Операторлуктан каскадерлук өнөргө кандайча келип калдыңыз?

1992-жылы кинооператор болуп иштеп жүргөн учурда  Үсөйүн байке (Үсөйүн Кудайбергенов) биз менен “Чынгызхан” киносунда Италиялык операторлор менен иштеш деп чакырып калды. Сүйлөшкөн күнү айтылган жерге келдим, автобус менен чогулган адамдарды Кордайдан ары, Алга деген айылдын тоолоруна жеткизишти. Эмне жумуш кылам десем, мени Италиялык кинооператорго тааныштырып, ”Бул менин иним болот, тажрыйбаңар менен бөлүшүп, үйрөткүлөчү” – деп суранып калды. Оператор макул болду, мен алардын жанында калдым. Жардамчысы мени эч нерсеге жолотпойт, кол тийгизбейт, кечке жүрүп Үсөйүн байкеге бардым, болгон ишти айтсам, андан көрү менин жанымда болчу деди. Ошентип каскадерлор тобу менен аралашып иштеп калдым.

-Жашыңыздан ары кызыктуу, ары түйшүктүү ишке аралашкан экенсиз, жашооңуздагы кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз.

-2004-жылы 13 июнь. Бишкектин кафелеринин биринде уулумдун тушоо тойун өткөрүп ардактуу конок катары Үсөйүн байкени чакыргам. Түрмөдөн чыкканына туура бир жыл болгон. Каалоо тост айтууга кезеги келгенде, коноктордун кызыгы күчөп, баары тыңшап отуруп калышты. Кыргызча сөзгө чечен байке, тойго каалоо-тилеги менен чогу, кыргыздардын ар кайсы салт-адаттарын айтып элди күлдүрдү. Аңгыча коноктордун бири түрмөдө отурган күндөрү жөнүндө сурап калды, Үсөйүн байке, ГКНБ СИЗОсунда отурган кезин баяндады. Күндөрдүн биринде камеранын ичинде чуркап жүргөн таракандарды көрүп, аларды 3 литр банканын ичине терип баштадым дейт, ар бирине ошол заманда бийликтеги адамдардын аттарын койдум. Бир таракандын аты дагы эле эсимде, ал “Полуэктов” болчу. Феликс Куловду күнөөлөп, тегерегиндегилерди чогу камакка алдырган, Акаевдин ишенген кишиси эле.  Банкадагы камалган таракандар ачка болгондо бири-бирин жеп баштайбы деп ойлодум дейт. Эң кызыгы айтып берип жатып, ушул окуяга арнап жазган ырын да окуп берип, элди күлдүргөнү али күнчө эсимде.

– Белгилүү каскадер жана режиссер Үсөйүн Кудайбергенов деп калдыңыз ал киши менен кандай мамиледе болгонуңуз тууралуу кеп кылсак

Үсөн Кудайбергенов менин биринчи устатым болду десем болот. Агай айтканынан кайтпаган, баштаган ишин таштабай, бекем тартипти туу туткан инсан эле. Борбор Азияда биринчи жолу Каскадерлор ассоциациясын негиздеп, түрдүү долбоорлорду ишке ашырды. Кыргыз каскадерлорун тарбиялап башын бириктирди. Актер чыгармачылык дегенде ичкен ашын жерге коюп, эч кимден жардамын аябаган адам эле.

 Ага-инидей ынак болдук, ал киши соттолгондон кийин да жөн отурбай 47-колонияга ремонт жүргүзөм деп ар бирибизге тапшырма берди, ал учурда мен көп каттап турчумун. Мен 2-3 самосвал кум төктүрдүм, 1 машине цемент, дагы бири алма, өрүктүн көчөттөрүн алып келди. Кирпич, краска жана башка курулуш материалдарды ташыдык. Соттолгондор менен узак жолугушуучу бөлмөлөрдү оңдоп, бак-дарактарды отургузуп, мончо куруп, колониянын ичин жаңылатты. Ошондой жаны тынбаган киши эле.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь