Президент футбол боюнча достук мелдешине катышмай болду

504

Президент Садыр Жапаров «Мурас» футбол боюнча достук мелдешине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Белгилүү богондой, спорттук иш-чарага 12 команда катышат.

• А тайпасы: президенттин администрациясы, «Ден соолук», Жогорку Кеңеш;
• В тайпасы: «Өнөр», «Билим», «Ыйман»;
• С тайпасы: «Бизнес», «Элчилер», «Спорттук федерациялар»;
• D тайпасы: «Алга», «Аймактар», «Журналисттер».

4-майда тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финалдык мелдеш болот.

Турнир Кыргызстандын футбол союзунун жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь