Кореядан билим алган Темирлан чет өлкөдө окууну каалаган окуучуларды даярдап жатат (Сүрөт)

1 082

Кыргызстандын саясий жана социалдык турмушунда активдүү роль ойногон жаштардын саны күн санап өсүүдө. Мындай жаштар ментордук программанын жардамы менен өз жашоолорун гана өзгөртпөстөн, алган тажрыйбаларын кийинки жаштар менен бөлүшүп, дүйнө таанууга
үйрөтүп келгени кубандырат.

24 жаштагы Темирлан Койчукеевке менторлук кызматка сунуш түшкөндө эч ойлонбостон макул
болгон. Анткени ал, чет өлкөдө алган билим тажрыйбасын акысыз кыргыз жаштары
менен бөлүшкүсү келет. 

Кыстырма: Ментор бул – өз тажрыйбасы менен башкаларга бөлүшкөн адам. Эл арасында насаатчы деп дагы айтылып жүрөт.

 

 Темирлан мырза алгач айтсаңыз, өзүңүз чет өлкөгө кантип окууга өттүңүз эле?

 

–  Кара-Балта шаарында өсүп чоңойгом. №6 мектеп-гимназиясында билим алып, 7 – класста Чыңгыз Айтматов атындагы лицейге тапшырып, 2016-жылы ийгиликтүү аяктадым. Лицейди аяктагандан соң, бир жыл даярданып ким болорумду чечтим. Андан соң Америкага, Ганконго жана Түштүк Кореянын Жогорку окуу жайларына тапшырдым. Американын окуу жайларынын окуу төлөмү дээрлик кымбат болчу, ал эми Кореяга бюджеттик негизде өтүп кеттим. Кореяда финансы тармагында билим алдым. Келечек технологияга көз каранды болорун түшүндүм.

Сизге ментор болууга эмне түрткү болду? 

 – “4-курста окуп жүргөндө “Кыргыз глобалдын” 1+2″ долбоорунун координатору Элеонара Карбиева мага байланышка чыкты. Бизге ментор болбойсузбу, биз сизге билим алганга умтулган
(супер) окуучуну табабыз деди. Мен ойлонбостон макул болдум. Бирок мен дагы өз
шартымды койдум. Мен өз билим тажрыйбамды үйрөтүүчү окуучунун, биринчиден жоопкерчиликтүү, тайманбас, билимге деген ынтызары күч болгонун каалайм дедим. Анткени мен дагы өз убагында процесстерди көп түшүнбөй кыйынчылыктарды көргөм.

Ар бир адамдын жүрөгүндө жакшылык кылуу бар, менде дагы ушундай идеялар бар болчу, билген нерсемди башкалар менен бөлүшүү, үйрөтүү эле. Мага долбоордун координатору учурда 10-класстын окуучусу Аянаны бөлүп берди. 6 айдан бери мен өз тажрыйбамды бөлүшүп келе жатам. 10-класстагы окуучуну тандап алган себебим, 11-класста университетке документтерди тапшырууда убакыт тартыштык жаратат.

Окутуу процесси кандай жүрөт?

 – Эң башында жумасына бир китептен берчүмүн, Аяна ушуну ушул жума бүтүрөсүң дечүмүн. Аяна зиректигин көргөзүп, мен берген китептин баарын окуп коюп, кийин башка китептерди да окуйунчу деп суранып атты. Мен учурда дагы АйТи тармагы боюнча курстарга жазылгам, Аяна менен дагы алар менен бөлүшөм. Ага келечек технология менен байланышта экенин эскертип турам. 

Окуу жайды интернет аркылуу тандаса болорун айтып жатасыз, ушул тууралуу кененирээк айта кетсеңиз? 

 – Чет өлкөдөгү окуу жайларга тапшырып жатканда сайттарына киребиз. Ар бир окуу жайдын сайтында “Эдмишн” деген поля болот. Ошол жерге киресиз, эгер сиз бакалаврга тапшырсаңыз “Андергра” деп чыгат. Андергра жөнүндө, ошол жерге басасыз толук список чыгат эмне керек, кандай документтер керек деген ж.б.

Чет өлкөгө окууга тапшырам дегендерге кеңешиңиз? 

 

– Окууга өткөндөн кийин башка кеп, башкача айтканда 99 пайыз досторум депрессияга кирип кайра чыгышты. Кээ бирлери окууну чыдабай таштап кетишти. Бир күнү ашканада олтурганда окуу оор болуп жатканын айтып бирөө келди Темирлан байке мага сунуш бериңизчи кеңешиңиз керек болуп жатат деп… Мен дагы окуунун алгачкы жылдарын алдымда кеңеш сурап турган студенттей эле өткөргөм. Аны сезип турдум. Баары жакшы болот деп дем күч бердим, анткени бул
кыйынчылыкты бардыгы башынан өткөрмөк. Окууну бүткөндөн кийин өзүңө
өзүң ыраазы болосуң.

 – Экзаменге кирип бара жатканда, корейц досумдан сурадым. Кагазды көрсөтүп бул суроого кандай жооп болот дедим. Ал мени карап… Темирлан деди да, мен 800дөй жоопторду жаттадым, бирок бул суроонун жообу жок болчу. Ойлонбо бул суроо чыкпайт деп койду. Мен ошол жерде аң-таң болуп, 800 же 80 деп калдым. Ал мени кыжалат болбоого чакырды.
Корейцтер ушунчалык берилип окуйт, максатын 100 баллга коет жана ошого жетет.
Абдан акылдуу болушат. Менин жеке пикиримде Кореяда гана ушундай окуу болот
деген ой калып калды. Мисалы биз окуп жактан университеттен чыдабай чыгып
кетип, ошол эле Гонконгго тапшырышкандар, жеңилирээк жашоо башталганын айтып жатышты.

Алгач окуу жылы башталганда депрессияга түшкөн студенттер болду деп жатасыз, ал өзүңүздө кырдаал кандай болду? Кыйынчылыкты кантип жеңдиңиз

 – Кыргызстанда кандай окуйбуз… Бүт баары жакшы болот, тигил жака тапшырам, тааныштарга байланышам деп жүрүп калабыз. Ал эми ушундай чөйрөдөн барганда, башкача боло түшөсүң. Баары китептен башын албай окуп жаткан болот. Ошол үчурда өзүңдү акылдуу эмес турбаймынбы деп жерий баштайсың. Депрессияга түшөсүң. Негизи түшөсүң, менин эсимде мен дагы 2 жума сабакка барбай, жатаканада жөн эле сериалдарды көрүп, тамактарды жеп жата
бергеним. Бирок өзүмдү колго алып, окуш үчүн келгенимди эстедим дагы окуй баштадым.

Алдыдагы максатыңыз? 


 

  – Мен аз болсо да чет өлкөдө окуу жайлардын
окуу процессинин жүрүшүнө өзүм күб
ө болдум, өзүм катыштым. Кыйынчылыктар
болду. Албетте бардыгы бирден шурудай тизилип боло калбайт. Чыдаган адам гана жеңет. Чыдасаң аягы ийгиликтер менен коштолот. Ал эми биздин максат келе жаткан
муундарга аз болсо өз тажрыйбабыз менен бөлүшүү. Алар дагы дүйнөнүн мыкты университетинде билим алып, келечекте Кыргызстанга пайдасы тийсе дейм. Дагы бир ирет айта кетсем, ошол үчүн мен ментор болууга макулдугумду бердим. Тажрыйбамды бөлүштүм, бөлүшкөм жана бөлүшө берем.

 – Учурда мекениме кайтып келдим, келечек технология менен байланышта болгондуктан АйТи тармагын өнүктүрсөмбү дейм. Бизге окшогон дагы бир нече жаштар, чет өлкөдөн окуп үйрөнүп кайра кайтып өз тажрыйбалары менен бөлүшсө өлкөнүн өнүгүүсүнө аз да болсо салымыбызды кошобуз деген үмүт бар.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь