Бүгүн, 11-майда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Курандан дилим тазарат” аттуу Куран майрамы өтүүдө. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чарада өлкө аймагынан тандалган мыкты карылар Куран окуйт. Ал эми белгилүү дин аалымдары аяттарды чечмелеп, түшүндүрүп бермекчи.