10-майда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы сүт рыногундагы учурдагы кырдаал боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.
⠀
Жыйында чийки сүттү өндүрүү, аны малчылардан сатып алуудан баштап жана сүт өндүрүүчүлөр тарабынан кайра иштетүүгө чейинки чынжырча, көйгөйлүү маселелер, ошондой эле аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.
⠀
Сүт рыногунун негизги көйгөйлөрү катары аны чогултууда чакан көлөм, мамлекеттик стандарттардын сакталбагандыгы, техникалык шарттардын талаптарын сактабоо, сүттүн сапатын, майлуулугун аныктоодо сүт заводдорунун начар жабдылышы айтылды.
⠀
«Сүттүн баасынын абалы сезондук мүнөзгө ээ жана көп жылдар бою жазында кайталанат. Бирок дайыма эле бул көйгөй чечилбей калып келет.
⠀
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын отурумунун жыйынтыгында, бир катар сунуштар даярдалып, Экономика министрлигине жөнөтүлдү», — деп билдиришти агенттиктен.
⠀
Чогулушка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын — Экономика жана Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле рыноктун түздөн-түз катышуучуларынын — чийки сүттү кайра иштетүүчү заводдор, ошондой эле малчылар жана фермерлер катышкан.