Эскертүү! Сел каптоо коркунучу күтүлүүдө

272

ӨКМдин Гидрометеорологиялык кызматынын билдирүүсүнө ылайык, өлкө аймагында 13-майында күндүз 14-15-май күндөрү нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлүп жатат.

Катуу жааган жаан-чачындан улам дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел каптоо коркунучу күтүлүүдө. Кооптуулуктуктун алдын алуу максатында райондордо, айылдарда сел агуучу каналдарды жана арыктарды тазалоо иштерин улантуу зарыл.

Селдин алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Жарандарга эскертүү! Көңүл буруңуздар! Учурда өзгөрө турган жаратылыш кубулуштарына байланыштуу берилип жаткан ӨКМдин ар бир маалыматына көңүл буруу менен мамиле кылыңыздар. Маалыматтарга ылайык сел коркунучунун алдын алыңыздар! Анткени сиздин жана сиздин жакындарыңыздын өмүрү баарынан кымбат. Зарылчылык болбосо алыскы жолго чыгуудан карманып турууңузду сунуштайтбыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өзгөчө кырдаал кооптуулугу жаралган мезгилде сак болууга чакырат.

Үстүбүздөгү жылдын май айынын алгачкы күндөрү өлкө аймагында жаз-жай мезгилине мүнөздүү болгон катуу жаан-чачын өзгөчө кырдаалдарды жаратты. Сел жүрүп, жер көчкүлөрдүн активдешкен учурлары катталды. Жыйынтыгында Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын инфраструктурасы ири материалдык чыгымга учурады: ички каттамдын жолдорун, эгин талааларды сел каптап, 2000ден ашык турак үйдүн короо сарайларын суу каптаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь