Араванда депутаттарга нааразы болгон эл залдан чыгып кетишти (ВИДЕО)

1 230

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун мүчөлөрү көчмө жыйын алкагында Ош облусунун Араван районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүшкөн. Анда депутаттарга нааразы болгон эл жыйынды таштап залдан чыгып кетишти.

“Аравандын эли менен жолугушууда, депутаттар Президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловго карата сын-пикир айтып, Жаныкуловго сөз беришти. Жаныкулов Араван районундагы мыйзамсыз иштерди айтканда, жыйынга келген эл кол чаап колдоп кетишти. Өмүрбек Бакиров менен Жалолидин Нурбаев эмнегедир сөздү токтотуп коюшту, эл Жаныкулов сүйлөсүн деп депутаттарды тилдеп, көпчүлүгү эл залдан чыгып кетишти”, – деп билдиришти бул окуяга күбө болгондор.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь