17-18 май күндөрү USAID «Агросоода» долбоору менен “Датка Холдинг» компаниясы Кыргызстан жана Өзбекстандын ишкерлеринин ортосунда Баткен шаарында В2В байланыш алмашуусун өткөрөт.
Эки өлкө ортосундагы агро тармагындагы соода мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган бул иш-чарага Өзбекстан мамлекетинен 15 ге жакын ишкер катышат.
USAIDдин «Агросоода» долбоору кыргызстандык дыйкандарды жана айыл чарба ишканаларын колдоп, Өзбекстан менен соода байланышын кеңейтүү аркылуу Кыргызстанда жумуш орундарын көбөйтүүгө багытталган.