Жалал-Абадда жол кырсыгы катталды. Каза болгондор бар (Сүрөт)

382

Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 13 адам жаракат алды.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, 13-майда саат 05:55те Аксы районундагы Кербен-Кош-Дөбө унаа жолунун 13-чакырымында «ВАЗ 2106» жана «Хонда Stepwgn» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, жети эркек, үч аял жана үч бала ар кандай жаракаттарды алышкан.

Куткаруучулар адамдын жансыз денесин унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматынын эки бригадасы тартылып, жабыркагандарды Аксы райондук ооруканасына жеткиришкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь