Жалал-Абадда күрүч эгип жүргөн киши эки сутка аралчада калган (ВИДЕО)

576

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кемпир-Абад суу сактагычынан 280 м3 суу агып чыгып, Арал айылынан агып өткөн Кара-Дарыя дарыясынын Кундузчу участогунун деңгээли көтөрүлүп, дарыянын ортосунда аралчада (островок) күрүч эгип жүргөн эркек киши калып кеткен.

Окуя 11-майда орун алып, ӨКМге 12-май күнү маалымат келип түшкөн.

Жалал-Абад шаардык №58 ӨКБдан 5 куткаруучу, КР ӨКМнин РӨКОнун №2-ӨИКОдон 6 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар кайык менен аралга сүзүп барып, 1962-ж.т. А.Н. аттуу эркек кишини жээкке алып келишкен. Куткарылган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилген. Абалы жакшы. Жеринде куткаруу ишин КР ӨКМнин орун басары Эделбек Кулматов көзөмөлдөгөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь