Кумтөрдө жумушчулар иш таштаганы жатканын билдиришти

16 069

Кумтөр алтын кенинде уу калдыктар сакталуучу жердин плотинасын бекемдөө иштерин жүргүзүүчү жергиликтүү ишканалардын жумушчулары иш таштаганы жатканын 13-майда “Азаттыкка” билдиришти.

Алардын айтымында, “Кумтөр” ишканасы менен түзүлгөн эки жылдык келишимдин мөөнөтү бүтө электигине карабастан алар жасалма кысымга кабылып жаткандыктан иш таштоого мажбур болууда.

Ушу тапта ишканалардын өкүлдөрү менен Ысык-Көл облустук администрациясында жолугушуу өтүп жатканы белгилүү болду.

“Кумтөр” ишканасынын басма сөз катчысы Назира Ахмедова бул боюнча 13-майда “Фейсбуктагы” баракчасына комментарий жазып, ишке чет өлкөлүк – түркиялык жана монголиялык компаниялар тартылып жатканы чын экенин, мындай кадамга барууга «Ысык-Көл РЕСУРС» жана «Сталкер» ишканалары “Центерра” менен бирге коррупциялык схемаларга аралашып, иштин баасын жогорулатканы себеп болгонун билдирди.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь